Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

«Арнамыс» партиясынын өкүлдөрү БУУнун имаратынын алдына пикетке чыгышты


БИШКЕК. Аскар Акаев БУУнун 59-сессиясында сөз сүйлөп жатканда БУУнун имаратынын алдына «Арнамыс» партиясынын Кошмо Штаттардагы жыйырмага жакын өкүлдөрү пикетке чыгышты.

«Арнамыс» партиясынын учурда АКШда жүргөн мүчөсү Урмат Советовдон телефон аркылуу алынган маалыматка караганда, пикеттин катышуучулары соңку жылдары Кыргызстанда көз-каранды эмес маалымат каражаттары жабылып, Аскар Акаевдин саясатына каршы ой жүгүткөн саясатчылар куугунттукка алынып, түрмөгө камалып жаткандыгына нааразылык билдиришти.

Ошондой эле пикетин катышуучулары «Арнамыс» партиясынын учурда абакта жаткан жетекчиси Феликс Куловдун тез аранын ичинде бошотулушун талап кылышты.

XS
SM
MD
LG