Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:49

Орусияда эмгектенген кыргызстандык атуулдардын абалы оор


БИШКЕК. Орусия менен Казакстанда эмгектенген кыргызстандык атуулдардын укуктарын коргоо үчүн келечекте кыргыз парламентинде чет элдик атуулдар менен иштөө боюнча комитет түзүү керек. Мындай демилгени бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Жаныш Рустанбеков көтөрдү.

Ошондой эле Жаныш Рустанбеков үстүбүздөгү жылдын 10-12-сентябрында Орусиянын Казань шаарында Казакстан жана Орусияда иштеп жүргөн кыргыздардын «Замандаш» аттуу уюмунун III-конференциясына катышып келгендигин маалымдап, учурда Орусияда иштеген кыргыздар абдан оор шарттарда күн өткөрүшүп, жергиликтүү милиция кызматкерлери менен рэкеттердин кысымына дуушар болуп жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG