Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:42

Курманбек Бакиев Аксы окуясына күнөөлүүлөр жазаланышы керек деп эсептейт


БИШКЕК. Тогуз саясий партиянын негизинде түзүлгөн «Кыргызстандын элдик кыймылынын» өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, билдирүү таратышты. Кыймылдын төрагасы Курманбек Бакиев уюмдун эки максаты - бардык деңгээлдеги шайлоолордун адилет жана калыс болушун каалаган саясий күчтөр менен бирге аракет көрүү жана азыркы бийликти демократиялуу жол менен алмаштырууну көздөөрүн билдирди.

Бакиевдин айтымында, бул максаттарды кантип жана кандай жол менен ишке ашыруу маселеси кыймылдын октябрь айынын экинчи жарымында болуучу уюштуруу курултайында такталып, жетектөөчү жана жумушчу органы түзүлөт.

Кыймылга мүчө «Асаба» партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаровдун айтымында, кыймыл «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмеге атаандаш катары түзүлгөн жок жана азыр бул уюм менен биригүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Эгер президенттикке бир талапкерди көрсөтүү жана шайлоолорду адилет өткөрүү боюнча эки уюмдун пикири дал келсе биригишибиз мүмкүн»,-деди Азимбек Бекназаров.

Курманбек Бакиев болсо Аксы окуясы боюнча да өз пикирин билдирди. Бакиевдин айтымына караганда, Аксы окуясында жабырланган атуулдардын ата-энелери буга чейин мамлекет башчысы Аскар Акаевге бир нече курдай кайрылышса да андан эч натыйжа чыккан жок жана Аксы окуясында алты адамдын атып өлтүрүлүшү боюнча күнөөлүү делингендер эртеби-кечпи өз жазасын алышы керек.

Кошумчалай кетүүчү маалымат - 2002-жылы Аксы районунда милиция кызматкерлери менен карапайым элдин кагылышуусу болуп, алты адам каза болгон.

Аксы окуясында жабырлангандардын арызы адегенде, жергиликтүү соттордо каралып, жергиликтүү бийликтин айрым өкүлдөрү «Митинг, жөө жүрүшкө тоскоол болгон» деген айып менен соттолушкан. Көп өтпөй мына ошол жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Жогорку Соттун чечими менен толук акталышкан.

XS
SM
MD
LG