Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:09

Түркмөнстанда пахта начар чогултулганы үчүн өкмөт мүчөлөрү акчалай жазаланды

Президент С.Ниязов быйылкы пахта терими начар уюшулганы үчүн өкмөттө иштеген 8 кишинин 3 айлык маянасын кармап калууну буйруду. Айыл-чарба иштери боюнча вице-премьер-министр, төрт-беш облустун жетекчилери, суу ресурстары боюнча министр жана айыл-чарба машинелери боюнча мамлекеттик компаниянын башчысы бүгүн өкмөт жыйынында ушундай акчалай жазага туш болушту. Түркмөнстандын өкмөтү быйыл мурда болуп көрбөгөндөй көлөмдөгү 2 млрд. тоннадан ашуун пахта өстүрүлгөнүн билдирген, Ашгабаттагы жыйында бүгүнкүгө дейре 350 миң тонна "ак алтын" жыйналганы маалым болду.

Дңйнөлүк соңку жаңылыктарды даярдаган Венера Сагындык кызы, Прага.
XS
SM
MD
LG