Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Журналисттин өлүмүнө шектелген эки чечен кармалды


Москванын ички иштер башкармалыгы америкалык журналист Пол Хлебниковду өлтүрүүгө катышкан деген шек боюнча эки чечен кармалганын жарыялады. Аталган башкармалыктын жетекчиси Владимир Пронин өткөн түнү камакка алынган эки чечендин жанынан көптөгөн курал-жарак табылганын билдирди. Ал мурда бул эки адам киши уурдоого байланыштуу тергөөгө тартылганын кошумчалады. "Форбс" журналынын Орусиядагы басылмасынын экс-башкы редактору Хлебниковду июль айынын башында Москванын борборундагы офисинин жанында белгисиз адамдар атып кетишкен.

XS
SM
MD
LG