Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Абдалла Иракта шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес деп эсептейт


Бул тууралуу Иорданиянын падышасы Франциядагы визити маалында "Фигаро" гезитине берген интервьюсунда билдирди. "Эгерде шайлоо азыркыдай башаламан маалда өтсө, анда мыкты уюшулган экстремисттик топтор гана утушка ээ болот. Ошондо Ирактагы кырдаалды жакшыртууга эч кандай мүмкүндүк да калбайт", - деп эскертет падыша Абдалла.

Европа комиссиясы Иракта шайлоону даярдоого жардам көрсөтөт. Уюмдун басма сөз өкүлү Эмма Удвин Европа Биримдиги Ирактагы шайлоо өз маалында, январ айында өтүшүн колдойт деп белгиледи.

- Биз Ирактагы шайлоо жараяндарына колдоо көрсөтүүгө даярдана баштадык. Жардам акча түрүндө, экспертиза өткөрүү жагынан берилет. Ирактагы шайлоого байкоо жүргүзө турган Европалык миссиянын курамы өлкөдөгү коопсуздук маселелерин эске алуу менен түзүлөрү айкын, - деди Еврокомиссиянын өкүлү Удвин.

XS
SM
MD
LG