Америкалык учактар Багдадда жана Фаллужада согушкерлердин шектүү жайларына сокку урушту. Чабуулга Багдаддын шийилер үстөмдүк кылган "Садр Сити" району жана Фаллужа шаарындагы согушкерлердин шектүү жайлары кабылды. Басра шаарында козголоңчулар Британиялык аскердик кербенге кол салышып, эки жоокерди өлтүрүштү.
Өткөн түнү Ирактагы болгар аскерлери жайгашкан база чабуулга алынып, андагы үч ирактык аскер жараат алышты. Бейрасмий булактар барымтага алынган сегиз мисирдиктин экөө бошотулганын маалымдашты.
Өткөн түнү Ирактагы болгар аскерлери жайгашкан база чабуулга алынып, андагы үч ирактык аскер жараат алышты. Бейрасмий булактар барымтага алынган сегиз мисирдиктин экөө бошотулганын маалымдашты.