Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Феликс Куловдун тарапкерлери Нью-Йоркто пикет өткөрүштү


БУУнун 59-Башкы ассамблеясында бүгүн башка жетекчилер арасында Кыргызстандын президенти А.Акаев да чыгып сүйлөдү. Ага байланыштуу Улуттар уюмунун Нью-Йорктогу имараты алдында "Арнамыс" партиясынын өкүлдөрү баштаган кыргызстандыктар чогулуп, Ф.Куловдун түрмөдөн бошотулушун талап кылып пикет өткөрүштү. Ал пикетке катышкан Айдар Сагыналиев "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Бул жерге Кыргызстандын келечеги үчүн тынчсызданып күйгөн кишилер чогулушту. Бир кезде Кыргызстан биринчилерден болуп демократиялуу өлкө деп жарыяланган, эми ошол жолдон тайбашы керек, - деди Ф.Куловду колдоп, Нью-Йоркто өткөн пикеттин катышуучусу.

XS
SM
MD
LG