Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Молдованын тышкы иштер министри Орусияны сынга алды


Бириккен Улуттардын баш жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Андрей Стратан Молдовадан өз алдынчалык жарыялаган Днестр жумуриятында орус аскерлеринин ордуна эл аралык тынчтык аскерлерин жайгаштырууга чакырды. Бул сунушун Молдованын тышкы мекемесинин жетекчиси төмөнкүчө негиздеди:

- Аймактык туруктуулук жана коопсуздук бейтарап мамилени талап кылат. Ушуну эске алганда, эл аралык мыйзамды жана демократиялык стандарттарды урматтап, мындан да маанилүүсү – кандайдыр бир геосаясий жана геоэкономикалык кызыкчылыктардан жана кыйкым издөөдөн баш тартуу зарыл.

1999-жылы Ыстамбул саммитинде Орусия Днестр жумуриятынан аскер күчтөрүн чыгарып кетүүгө сөз берип, бирок өз убадасына турган эмес.

XS
SM
MD
LG