Симона Парини жана Симона Торретаны Рим аба бекетинде тосуп алгандардын арасында Италиянын өкмөт башчысы Силвио Берлускони да болду. Гуманитардык уюмда иштеген эки кызды Иракта үч апта мурда уурдап кетишкен эле. Эки Симона Римге келген чакта Иракта Италиянын башка эки гумжардам кызматкери барымтага алынганы маалым болду.
Иракта кечээ козголоңчулар кармап турган Фаллужа шаарын жана Багдаддын Садыр ооданын америкалык учактар кайрадан бомбалашты.
Франциянын "Лэ Фигаро" гезитиндеги маегинде Иордандын падышасы Абдулла учурдагы кырдаалды эске алганда Иракта январ айында шайлоо өткөрүү мвмкүн болооруна көзү жетпей жаткандыгын билдирди. Ал эми Ирактын пландоо министри Махди ал-Хафед кайра курууга бөлүнгөн каражаттын жарымы коопсуздук чараларына жумшалып жаткандыгын бышыктады.