Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Мунай түтүктөрүн Өзбекстандын жарандары уурдап кетүүдө


БАТКЕН. Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн 29-сентябрда алынган маалыматына караганда, соңку кездерде мурда Өзбекстан иштетип турган Кадамжайдын Бүргөндү аймагындагы мунай бургулоочу жайлардан чыгарылган түтүктөрдү Өзбекстандын жарандарынын уурдап кетип жатканы байкалууда. Буга ошол аймакты көзөмөлдөгөн кыргыз чегарачыларынын шалаакылыгы негизги себеп болууда.

Өткөн жумада ички иштер кызматкери Кубаныч Эшалиев Актурпак айыл өкмөтүнүн аймагында "ЗИЛ" үлгүсүндөгү автоунаага металл түтүктөрүн жүктөп бараткан Өзбекстандын Фергана облусунун тургуну Сабыржан Шамырзаевди кармап, ал 40 даана түтүктү Кыргызстандын аймагынан мыйзамсыз алып чыгып баратканын аныктаган.

Уурдалган түтүктөр кайра ордуна жеткирилип, автоунааны кармап туруу милдети "Факел" чегара бөлүмүнүн башчысы, капитан Анарбаевге тапшырылган. Бирок ал өзбек атуулуна автоунаасы менен качып кетүүгө жол берген. Бул окуя тууралуу облус бийлиги өлкөнүн чегара кызматынын башчысы Калмурат Садиевге кат жолдоп, анда капитан Анарбаев аталган чегара бөлүгүнө башчы болгондон бери түтүк уурдоо боюнча бир да учур аныкталбаганы, бирок андай окуялар көп кайталанып жатканы белгиленген. Ошондой эле өз ишине шалаакы мамиле жасаган капитан Анарбаевди ээлеген кызматынан бошотуу маселесин кароо суралган.

XS
SM
MD
LG