Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:28

Карасууда «Хизб-ут-Тахрирдин» эки жетекчиси кармалды


ОШ. Ош облусуна караштуу Карасуу районунун аймагында "Хизб ут-Тахрирдин баян аты" деген аталыштагы баракчаларды таратууну уюштуруп жүргөн кезинде эки адам колго түштү. Алар "Хизб ут-Тахрир" уюмунун жергиликтүү мушриф жетекчилик кызматын аткарган Кайрулла Кочкоров жана анын жардамчысы Кайрулла Абдрахманов болуп чыгышты. Алдын ала тергөөдө берген көрсөтмөлөрүнө караганда Кайрулла Кочкоров ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюмдун жергиликтүү жетекчиси экенин жашырбайт. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөндө Конституциялык түзүлүштү кыйратууга чакырган мазмундагы баракчалар, китепчелер, Интернет түйүнүнө байланышкан компьютер жана бир канча сандагы чөнтөк телефондор табылды. Кармалгандарга Кылмыш жаза кодексинин 299-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Мындай маалымат бүгүн Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаевден алынды.

XS
SM
MD
LG