Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Президент А.Акаевдин АКШ сапары уланууда


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев баштаган делегациянын Кошмо Штаттардагы сапары Бостон шаарында уланды. Бул жөнүндө 29-сентябрда президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев билдирди.

Бостондо президент Акаев Гарвард университетинин окутуучу-профессордук жамааты жана студенттери менен жолугушуп, сөз сүйлөт. Андан соң, Массачусетс штатынын губернатору менен жолугушат. Кыргыз делегациясы Ачык программалык камсыздоо фондунда да болот.

Ал эми 28-сентябрда Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 59-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө президент Акаев Борбор Азияда өзөктүү куралсыз аймакты түзүү, эл аралык терроризмге каршы биргелешип күрөшүү маселелерине токтолду. Президент Кыргызстан Борбор Азияда өзөктүү курал колдонулбаган аймакты түзүү жөнүндөгү макулдашууга жакын арада кол коюлушу боюнча бардык иш-аракеттерди көрүп жаткандыгын билдирди. Кыргыз делегациясынын АКШ сапары бейшембиде аяктайт.

XS
SM
MD
LG