Бүгүн түркмөнстандык маалымат каражаттар билдиришкендей, кечээ Түркмөнстан менен Өзбекстандын коргоо министрлери жолугушуп, эки өлкө ортосунда коопсуздукту күчөтүү жаатында кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү. Алар ошондой эле, чегара маселелерин талкууга алып, мындан ары коопсуздук жаатында маалымат алмашып туруу жөнүндө макулдашышты.