“Ирактын ар бир төртүнчү тургуну гуманитардык тамак-аш жардамдарына көз каранды”. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун бүгүн жарыяланган атайын докладында айтылат. Андан сырткары, Ирактагы өтө жакыр абалда калып жаткан эки жарым миллион адам өздөрү алып жаткан гуманитардык жардамды да башка зарылдыктар менен алмаштырууга мажбур болуп жатышат. Ал эми “беш жашка чейинки курактагы ар бир үчүнчү жаш бала дайыма тоюна албайт” деп айтылат докладда.
БУУнун бул программасында иштеген өкүлдөрдүн бири Каролина Харфорддун айтымында, бул отчет чыккандан кийин, бир жылга эсептелинген 60 млн. доллардык жардам берүү программасы ишке киргизилет.
- Дүйнөлүк уюм катарында биз Иракка көрсөтүлүп турган жардамдын элге кандай жетип жатканын билгибиз келет. Муну менен аймактагы жаш балдардын ачка калуусун жоюну максат кылып койдук жана бир жылдын ичинде ийгиликтерге жетишебиз го деп үмүттөнөм, - деди Улуттар уюмунун өкүлү Каролина Харфорд.