АКШнын мамлекеттик катчылыгынын айтымында, Сирия менен ийгиликтүү сүйлөшүү жүргүзүлүп, ал өзүнүн чек араларын кайтарууну күчөтүүгө макул болду жана эми Ирак согушкерлеринин Сирияга качып кетишине тоскоолдук түзүлөт. Ал тууралуу Вашингтон шаарында акыркы бир нече күн бою америкалык, сириялык жана ирактык жетекчилер ортосунда сүйлөшүү болгон. Ирактын коргоо министри Хазим ал-Шалаан болсо кечээ күнү атайын билдирүү жасап, согушкерлер басып алган шаарлардын баары октябрь айында бошотулат деп жарыялады.