Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

1-октябрда аба ырайы кандай болот?

БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун кабарлоосу боюнча, 1-октябрда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыш тараптан айдарым желаргы жүрүп турат.

Абанын температурасы:
ТАЛАС дубанында түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23 градус жылуу.
ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30 градус ысык.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда абанын түнкү температурасы +5…+10 градус жылуу, күндүз +19…+24 градус.
НАРЫНДА түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн +6…+11, түндүк тарабында +1…+6 градус, күндүз +23…+28 градус жылуу болот.
БИШКЕКТЕ түнкүсүн +6…+8, ал эми күндүз +24 градустан +26 градуска чейин жылыйт.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.
​
XS
SM
MD
LG