ОШ. Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин кезектеги коллегиясы өтүп, анда жүргүнчүлөрдү ташууну камсыз кылуу маселелери талкууланды. Алгач Алайкууда 18-сентябрда болгон жол кырсыгынын себептерин иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы жарыяланды. Комиссия төрагасы Өмүрбек Алмамбетов жол кырсыгынын негизги себеби - жолдун абалы начар деп, каттамдарга көзөмөл жүргүзбөгөн мамлекеттик автоинспекция жана жол транспорт кызматтарынын шалаакылыкка жол берген мамилесин белгилеп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө иште кетирген кемчиликтери үчүн Каракулжа райондук мамлекеттик автоинспекция жана райондук транспорттук инспекция башчылары чукул түрдө иштен алынгандыгы айтылды. Ал эми окуяга кызматтык жактан жоопкерчилиги бар деп эсептелген облустук мамлекеттик автоинспекция жана транспорттук инспекция башчыларына катуу сөгүш берүү маселелеси каралды.
Облустун губернатору Накен Касиев Каракулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Рашид Тажибаевдин жетекчилик сапаттарын сындоо менен аталган жол кырсыгы үчүн анын да жоопкерчилиги бар экендигин баса белгиледи.
Мындан сырткары аталган жол кырсыгы боюнча бир топ райондук жана облустук деңгээлдеги жетекчилер да жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экендиги айтылып, ал маселе өкмөттүк комиссиянын иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы чыккандан кийин гана белгилүү болору ачыкка чыкты.