Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

«Эркиндик» партиясынын курултайы өттү


БИШКЕК. 30-сентябрда Бишкекте «Эркиндик» партиясынын үчүнчү курултайы өттү. Анда партиянын төрагасы Топчубек Тургуналиев жана саясий кеңештин мүчөлөрү 2001-жылдан бери жүргүзүлгөн иш-аракеттер жөнүндө маалымат беришти.

«Эркиндик» партиясы өткөн аптада түзүлгөн "Кыргызстандын элдик кыймылы" биримдигинин курамына кирген. Андыктан партия мүчөлөрү аталган кыймылдын башкы максаттары жана иш-пландары менен таанышышты.

«Эркиндиктин» жакынкы максаттары катары алдыдагы жергиликтүү, парламенттик жана президенттик шайлоолорго жигердүү катышуу, "Кыргызстан элдик кыймылынын" алкагында анын максаттарын ишке ашырууга көмөктөшүү деп белгиленди.

Кыймылдын октябрдын экинчи жарымында өтө турган уюштуруу курултайына партиядан 20 делегат шайланды.

«Эркиндик» партиясы 1990-жылдардын башында Кыргызстанда түзүлгөн алгачкы партиялардын бири «Эрк» партиясынын бир бутагы катары 1999-жылы уюштурулган.

XS
SM
MD
LG