Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

БШК алгачкы шайлоо кабиналарын жер-жерлерге жөнөттү


БИШКЕК. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында шайлоо участкаларына жаңы жасалган кабиналарды жеткирүү маселеси каралды. “Кыргызмебель” ишканасы шайлоого карата 6146 кабина жасаган.

30-сентябрда 892 кабина өлкөнүн түштүк аймагына жөнөтүлдү. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле жыйында Ысыккөл облусунун Аксуу районундагы Акбула айыл өкмөтүндө, Чүй облусунун Ысыката районундагы Юрьевка айыл өкмөтүндө мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынган. Бишкек, Талас шаарларында “талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фондуна түшкөн акча каражатынын эсебин алууга” өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралды.

Ал эми 10 күндүн аралыгында Борбордук шайлоо комиссиясына 3 арыз келип түшкөн. Арызда Бишкек, Нарын, Жалалабад шаарларында шайлоого аттанган мамлекеттик айрым кызматкерлерди талапкерлигин алып салуу боюнча административдик кысым көрсөтүлүп жатканы айтылган.

Бишкектеги Университет шайлоо округунан студенттердин паспортторун жыйнап алып, кол чогултууга алдын ала даярдыктар көрүлүүдө деп көрсөтүлгөн.

"Бул тууралуу иликтөө иштери жүргүзүлүп, прокуратура кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнөт", деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы.

XS
SM
MD
LG