Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

ЕврАзЭСтин алкагында камсыздандыруу рыногу өнүкмөкчү


БИШКЕК. 30-сентябрда Бишкекте Евразия экономикалык кызматташтык уюмунун интеграциялык комитетинин алдындагы камсыздандыруу тармагындагы ишмердүүлүктү көзөмөлдөө жана жөнгө салуу органдарынын жетекчилер кеңешинин кезектеги экинчи отуруму башталды.

Анын күн тартибинде камсыздандыруу системасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу механизмдери, аны лицензиялоонун тартиптери, бирдиктүү маалымат-аналитикалык база түзүү жана тажрыйба алмашуу маселелери каралды.

Жыйындын катышуучулары камсыздардыруу рыногун өнүктүрмөйүнчө ЕврАзЭСке кирген өлкөлөрдүн башкы максаты катары белгиленген бирдиктүү экономикалык аймакты түзүүнү ишке ашыруу кыйын экендигин белгилешти.

Кыргызстанда учурда 12 камсыздандыруу компаниялары иштейт. Бирок азырынча алардын каржылык мүмкүнчүлүктөрү канааттандырарлык эмес. Эл да алардын кызматына көп кайрылбайт. Отурум 1-октябрда өз ишин улантат.

XS
SM
MD
LG