Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Кыргыз-америка аскердик кызматташтыгы күчөмөкчү


БИШКЕК. АКШнын Кыргызстан менен болгон мындан аркы аскердик кызматташтыгынын башкы багыттары - терроризмге каршы күрөшүү, куралдын, маңзаттардын таралышына бөгөт койуу, бейпилдикти сактоо жана атайын бөлүктөрдүн адистерин даярдоо иштерине көмөк көрсөтүү болмокчу.

АКШ Кыргызстанга аскер тармагында каржылык жардамдарды көрсөтүүгө даяр. Бул жөнүндө бүгүн Бишкекте башталган Кыргызстан менен Кошмо Штаттардын аскер жетекчилеринин ортосундагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүдө АКШ коргоо министринин Евразия өлкөлөрү боюнча жардамчысы Жеймс МакДугалл маалымдады.

АКШнын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачылыгынын өкүлү, бригадалык генерал Чип Диэл жана Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев катышкан бул жолугушууда эки тараптуу аскердик кызматташуунун беш жылдык планы талкуулана баштады. Сүйлөшүүлөр 3-октябрда аяктайт.

XS
SM
MD
LG