Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:54

А.Акаев АКШдан кайтып келди


БИШКЕК. 30-сентябрда президент Аскар Акаев баштаган делегация Америка Кошмо Штаттарынан кайтып келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев билдирди.

Президент Акаев 28-сентябрда Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 59-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө Борборазия аймагынын коопсуздугуна байланыштуу бир катар маселелерди козгогон. Ошондой эле өнүгүп келаткан тоолуу өлкөлөрдүн тышкы карызын жоюу багытында БУУ тарабынан атайын резолюция кабыл алынышын сунуштаган. “Мындай сунуш, ар тараптуу өнүгүүгө жана жакырчылыкты жойууга шыктандыруучу күч болот“, - деген Акаев.

Ушул эле күнү кыргыз президенти АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташууга байланыштуу маселелерди талкуулаган.

XS
SM
MD
LG