Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:38

Орус өкмөтү Киото протоколуна карай кадам шилтөөдө


Орусиянын өкмөтү Киото протоколун ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Эми аны өлкөнүн парламенти – Мамдума жактырышы керек.

Орус президентинин кеңешчиси Андрей Илларионов өкмөттүн кадамын “айласыз чара” катарында сыпаттады. Анткени анын ишениминде, протоколдун ратификацияланышы өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирет.

Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Юрий Федотов баардык аракеттер терең изилденип, кылдат жасалып жатканын айтты:

- Өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө бул кадам канчалык деңгээлде зыян келтириши мүмкүн экендигин терең изилдөө менен протоколду ратификациялоо керектигине токтолдук .

Киото протоколу өндүрүштүн негизинде бөлүнүп чыгуучу газ калдыктарынын көлөмүн 1990-жылдагы көрсөткүчкө чейин азайтууну шарттайт. Протокол толук ишке киргизилиши үчүн, аны дүйнө боюнча газ калдыктарынын 55%ын бөлүп чыгаруучу 55 мамлекет жактырышы зарыл. АКШ бул документти ратификациялоодон баш тарткан.

XS
SM
MD
LG