Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Израилдик аскерлерге чабуул күчөдү


Бүгүн Газа тилкесине жакын жерде жайгашкан качкындардын Ябаля лагерине жасалган рейд учурунда 10 палестиналык өлтүрүлдү, 20га жакыны жарадар болду. Ал эми израилдик аскерлер тараптан 3 адам көз жумду. Өлгөндөрдүн арасында бир өспүрүм бала да бар экендиги айтылууда.

Газанын түндүк бөлүгүндө палестиналык “Хамас” тобунун өкүлдөрү эки израилдик аскерди жолдо кетип бараткан жеринен курчоого алып, атып кетишти. Ал эми буга чейин, таң эртелеп, күзөттө турган бир израилдик аскерди атып кетишкен болчу. Дагы экөөсүн жарадар кылышкан.

Бул тууралуу кечээ Газа тилкесинин түндүгүнө киришкен Израиль аскерлери маалымдашты. Алар палестиналык көтөрүлүшчүлөрдүн чордону деп эсептелген райондорду курчап, ал аймакта коопсуздукту күчөтүү максаты менен киришкендигин айтышкан.

XS
SM
MD
LG