Израилдин премьер-министри Ариел Шарон кечээ күнү атайын чечим менен Газа тилкесинде ири аскерий аракет көрүүгө уруксат берди. 29-сентябрда Газадан Израилге каршы ракета атылгандан кийин жөөт аскерлери Жабаля айылына чабуул баштаган. Андан чыккан кагылышуулардан 24 араб жана үч жөөт курман болду, бир күндүн ичинде мынча көп адам Палестинада эки жылдан бери өлгөн эмес. Шарон өзүнүн жардамчылары жана кеңешчилери менен шашылыш жыйын өткөрүп, атайын аскерий операция жүргүзүү чечимине келди.