Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Ошто улгайган адамдарга сый көрсөтүлдү


ОШ. Бул күнү негизинен ар бир район, ар бир айыл өкмөтү, мекеме жана ишканалар кары-картаңдардын көңүлүн көтөрүп, сый тамак, белек-бечкек берүү менен алектеништи. Губернатордун буйругу менен облус аймагындагы 20 адамга миң сом өлчөмүндө бир жолку стипендиясы таратылды. Алардын арасында Өзгөн районунун кылым карыткан тургуну Хабалова Зайна жана Ноокат районунун тургуну Мааткасымова Уял энелер да бар.

Губернатор Накен Касиев ушул эле күнү Ноокат районуна барып, стипендия, белек-бечкектерин өз колу менен тапшырды.

Ал эми Ош шаарынын мэри болсо белек-бечкек, сый тамагын кары-картаңдарга 2-октябрь күнү "Боорукердик" аттуу кайрымдуулук үйүндө берүүгө камынууда.

XS
SM
MD
LG