Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Бишкекке ЕврАзЭCке мүчө мамлекеттердин парламент төрагалары келишет


БИШКЕК. 7-октябрда Бишкекте Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблея бюросунун кезектеги отуруму башталат. Эки күнгө белгиленген жыйында мүчө-мамлекеттер үчүн үлгү мыйзамдар кабыл алынат. Бюджет системасынын негиздеринин концепциясы, мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарын бири-бирине шайкеш келтирүү боюнча бир катар сунуштар талкууланат.

Отурумга Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Белорус, Тажикстан парламенттеринин төрагалары катышат. Ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин баш катчысы Григорий Рапота катышат. Отурум Бишкекте Кыргызстандын демилгеси боюнча өтмөкчү. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын маалымат кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG