БИШКЕК. Эртең Литвада Адам укуктарын коргоо институттарынын эл аралык төртүнчү "тегерек үстөлү" башталат. Ага Кыргызстандан акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу да катышат. Жыйында «Омбудсман жана түрмөлөрдө адам укуктарынын сакталышы», «Омбудсман жана полиция: көзөмөл, кызматташтык, талаш-тартыш», «Омбудсман институтунун өнүгүшүнө стратегиялык мамиле, пландоо жана менеджмент» аттуу үч негизги маселе талкууланат. Бул отурумдун алкагында Турсунбай Бакир уулу Чыгыш Европа жана КМШ мамлекеттеринин акыйкатчылары менен жолугушат.