Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Карылар күнүндө аманатчылар акцияга чыгышты


БИШКЕК. 1-октябрда Өкмөт үйүнүн алдына пенсионерлер менен аманатчылар бирикмесинин 150 чамалаш өкүлү нааразылык акциясына чыгышты. Нааразы болгондордун басымдуу бөлүгүн «Рентонгрупп» компаниясына алданган аманатчылар түздү. Алдангандардын жалпы саны 2300дөн ашык экендиги айтылып жүрөт.

Бул ирет аманатчылар күнөөлүүлөрдү табууну жана жоопко тартууну талап кылып, ушул өңүттө президент Аскар Акаевге кайрылган плакаттарды көтөрүп чыгышты. Ишкананын көз боёмочулугуна жол берген тараптар катары аманатчылар каржы министрлиги менен улуттук банкты айыпташты.

Аманатчылар келерки шейшемби күнү да Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык иш чарасын уюштуруп, аны коопсуздук кызматынын имаратынын алдында улантаарын билдиришти. Акция 1-октябрь - карылар күнүнө байланыштуу өттү.

Ал эми ырасмий тараптар бул күнү карылар үчүн ар кыл иш чараларды уюштурушту.

XS
SM
MD
LG