БИШКЕК. 1-октябрда мамлекет башчысы Аскар Акаев өлкөдөгү мугалимдердин кесиптик күнүнө карата агартуучулардын эмгегин жогору баалап, куттуктоо жолдоду. Билим берүү министри Мустафа Кидибаев да мугалимдерге каалоо-тилегин билдирди.
Республика аймагындагы ушул тапта жалпы билим берүү тармагында 73 миңге жакын мугалим эмгектенет. Алардын орточо айлыгы 810 сомду түзөт. Ошол эле учурда мектептерде 2 миңге жакын мугалим жетишпейт.
"Учурда каржы министрлиги мугалимдердин эмгек акысына берилүүчү 3 млн. 108 миң сом өлчөмүндөгү каражатты кечиктирип бербей келүүдө", деп маалымдады бүгүн билим берүү министрлигинен.