Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:22

Кыргыз-Иран соодасынын көлөмүн 200 млн. долларга жеткирүү ниети айтылууда

БИШКЕК. 1-октябрда Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Иран ислам республикасынын вице-президенти Мухаммад Реза Ареф менен жолугушту. Президент Акаев кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын 7-отурумунда кабыл алынган эки тараптуу кызматташуу багытындагы маселелердин жыйынтыгында жылдык соода жүгүртүү 200 млн. доллар өлчөмүнө жетээрине ишенээрин белгиледи.

Ушул эле күнү Өкмөт үйүндө Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев менен Иран ислам республикасынын вице-президенти Мухаммад Реза Ареф соода-экономикалык семинарга катышты. Анда өкмөт башчы Иран менен дипломатиялык мамиле түзүлгөндөн бери эки тараптуу кызматташуу багытындагы 70 документке кол коюлгандыгын билдирди.

Ал эми Ирандын вице-президенти Кыргызстандын соода байланыштарын чыңдоо максатында Иран 50 млн. доллар өлчөмүндө кредит бөлөөрүн белгиледи. Семинарда ирандык жана кыргызстандык ишкерлер пикир алмашты.

Ушул эле күнү Ирандын вице-президенти Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев менен жолугушту.
XS
SM
MD
LG