Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

Пакистанда Ооганстандын атуулдарын каттоого алуу башталды


Келерки аптада Ооганстанда өтүүчү президенттик шайлоого карата бүгүн Пакистанда ооган жеринен ооп келишкен качкындарды каттоо иши башталды. Чиновниктер түштүк-батышта жандуу нааразылык акциялары башталганын айтышууда. Алардын айтымында, каттоого алуу жараяны, жалпысынан, тынч эле өтүүдө.

Миграция боюнча эл аралык уюмдан билдиришкендей, алдыңкы үч күндүн ичинде Пакистандын ар кайсыл аймактарындагы 1 миң 600 качкындар лагерлери менен шаарларда 800 миңдей ооганстандыкты каттоого алуу каралып жатат.

Белгисиз бирөөлөр аталган уюмдун өкүлдөрүнө чабуул жасалаарын айтышкандан кийин, Пакистандын бийликтери каттоо ишинде коопсуздукту күчөтүү аракетин көрө башташты. Талибдер Ооган жеринде өтүүчү шайлоого элди барбоого чакырышкан.

XS
SM
MD
LG