1-октябрда Ирактагы америкалык жана ирактык аскерлер буга чейин козголоңчулардын карамагында турган Самарра шаарына чабуул жасашты. Бир канча саатка созулган кандуу кагылышуулардын жыйынтыгында 100гө жакын козголоңчу өлдү деген кабар келип түшүүдө, дагы 200гө чукул адам жарадар болгон. Бүгүнкү чабуулдардан жапа тарткандардын арасында ирактык тургундар да арбын.
Курал-жарактар сакталган бир нече складдар жок кылынгандыгы маалымдалды. Америкалык аскерлердин айтымында, коалиция күчтөрү Самаррадагы мамлекеттик имараттар менен полиция аймактарында толук көзөмөлдү колго алышты.
Ошондой эле, Самаррадагы шийилердин мечитин ээлеп, анда колго түшүрүлгөн 25 көтөрүлүшчүнү кармап турушканын айтышууда.
Андан сырткары, америкалык аскерлер барымтага алынган түркиялык бир атуулду бошотушкандыгы кабарланды.
Ал эми түштүктөгү Куфа калаасында ирактык коопсуздук күчтөрү мечитке топтолушкан радикал шийилердин жетекчиси Моктада ас-Садрдын адамдарын таркатышты.
Кечээ Багдаттагы бир канча жардыруулардан 46 адам өлүп, 200гө жакыны жарадар болгон.