Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:32

АКШда президенттикке талапкерлердин телеайтыштары башталды


1-октябрда Бишкек убактысы боюнча таңкы саат жетиде АКШдагы президенттик шайлоого талапкерлер: азыркы президент Жорж Буш менен анын атаандашы, сенатор-демократ Жон Керри теледебатта беттешишти.

Алар бул жолку биринчи айтышта негизинен АКШнын тышкы саясатын талкуулап, Ирак, Орусия жана Түндүк Корея менен мамилеге кайрылышты.

Буш эл аралык терроризмге каршы азыр жүрүп жаткан согушта Иракты “негизги согуш майданы” деп атады. Ал эми Керри Бушту дал ушул максатта кетирген “эбегейсиз чоң катасы” үчүн күнөөлөп, президентте Ирактагы согуштан кийинки “тынчтыкты орнотуу планы” болгон эмес, - деди.

- Буш Ирактагы согуштун алдында “Биз баардык нерсени терең изилдеп, аскерий күчтү колдонбоого астейдил аракет жасайбыз. Биз өзүбүздүн ынтымакташтарыбыз менен биргелешип алдыга жылабыз” деген болчу. Ал мунун бирөөсүн да аткарган жок, - деди сенатор Жон Керри.

Ал Орусия менен мамилени дагы бир ирет карап чыгуу зарылдыгын айтып, "орус президенти Владимир Путиндин “террорго каршы күрөш” деген ат менен демократияга саясий чабуул жасаганы болбойт" – деп билдирди.

Ал эми Буш анын Путин менен карым-катнашы жакын болуп жатканы Орусияга демократияны таркатуу ишинде жардам болоорун айтты:

- Мен Путинге бул тууралуу өз оюмду айткам. Аны менен дагы сүйлөшүүнү каалайм, анткени убакыт өтүп жатат. Орусия - өткөөл мезгилди баштан кечирип жаткан өлкө. Андыктан Путин кээде катуу чараларды тандоого аргасыз болууда. Мен АКШ президенти жана башка Батыш мамлекеттеринин жетекчилери ага “демократия элге өз каалоосу менен үмүтүн тандап алууга” жакшы жардам берээри тууралуу өз ой-пикирлерин айтышканы маанилүү го деп ойлойм, - деди президент Жорж Буш.

Ошондой эле Түндүк Корея проблемасын талкууга алышкан талапкерлер бул өлкө менен сүйлөшүү жүргүзүү ыкмасы боюнча да карама-каршы пикирлерди айтышты. Мисалы, Керри АКШны Түндүк Корея менен бир жактуу гана сүйлөшүү өткөрүшү керек десе, Буш бул сүйлөшүүлөрдө Орусия, Кытай, Жапония жана Түштүк Корея өңдүү мамлекеттердин катышуусу өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.

Буш менен Керринин келээрки телеайтыштары сегизинчи жана он үчүнчү октябрь күндөрү өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG