БИШКЕК. Укук коргоочулардын укуктарына байкоо жүргүзүүчү уюм Рамазан Дырылдаев жетектеген адам укугун коргоо комитетине байланышкан жаңы маалыматка тынчсыздануусун билдирди. Анда Дырылдаевдин наамына Бишкек шаардык жана Биринчи май райондук соттордун 2001-2002-жылдардагы чечимдеринде көрсөтүлгөн каражатты төлөөнү талап кылган кат жолдонгону айтылат. Каражат өлчөмү 5276,5 долларга барабар. Мындай катты сот аткаруучу 21-сентябрда жөнөткөн.
Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин маалыматына таянган уюм муну чет өлкөдө куугунтукталып жүргөн Рамазан Дырылдаевге каршы бийлик жасап жаткан аракеттердин кезектегиси деп баалап, бийликти мындай аракеттерди токтотууга чакырган. Уюм жаңы фактыны 10-октябрь - жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдындагы атайын тоскоолдук катары баалаган.
Адам укугун коргоо комитети менен комитеттин мурдагы кызматкери М.Елисеевдин ортосундагы соттук териштирүүлөр 1997-жылы башталган. Расмий бийлик өкүлдөрү болсо Рамазан Дырылдаевди куугунтуктоо максаты жогун маал-маалы менен айтып жүрүшөт.