Алар салыктар өсүп жаткан шартта өкмөт саламаттык сактоо жана социалдык жардам чөйрөсүндө мамлекеттик чыгымдарды кыскартып жаткандыгына нааразылык билдиришти. Мындай массалык демонстрацияны Нидерландия соңку жыйырма жылдан бери көрө элек болчу. Демонстранттардын бири Голландияда барган сайын байлар - бай, жакырлар - жакыр болуп баратканын айтып, ошол себептен эл демонстрацияга чыкканын айтты.