Көпчүлүк мектептерде коопсуздук чаралары киргизилди. Мындан эки күн мурда эле Багдаддагы салтанат маалында жарылган бир нече бомбадан отузбештей жаш бала жайран болгон эле. Багдаддагы орто мектептин директор орунбасары Мисс Салама окуу жылынын башталышында класстарда болгону ондон гана бала отурганын, ата-энелер балдарын мектепке жибергенден коркуп жатышканын билдирди.