Алардын баарын “Ал-Каида” жана талиптер менен байланышы бар дешет. Эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн өкүлү ырастагандай, алардын баары бүгүн Кабулдун чеке-бакасындагы райондордо кармалды. Эмдиги аптанын этегинде өлкөдө президенттик шайлоо болмокчу. Мунун алдында “ал-каидачылар” менен талиптер активдеше баштады. Америкалык командачылыктын өкүлү Мак Киллоп кооп-коогалаң күчөй тургандыгын алдын-ала билишкенин, бу тууралуу ишенимдүү маалыматтар болгонун белгиледи.