Нагеланд штатындагы Димапур шаарында, полициянын маалыматтарына ылайык, бир эле мезгилде эки бомба – бири базарда, экинчиси темир жол вокзалында – жарылды. Баары болуп отуздай адамдын өмүрү кыйылды, жарадар болгондордун саны жүздөн ашат. Коңшулаш Ассам штатындагы жарылуудан бир киши жайран болду. Жергиликтүү бийликтер бул иштерди региондогу сепаратисттик топтордон көрүп жатышат.