Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Бай өлкөлөр кедей мамлекеттердин жана Ирактын карызын жеңилдетүү боюнча мунасага жете алган жок


Маселе Эл аралык валюта кору менен Дүйнөлүк банктын Вашингтондо өтүп жаткан жыйынында талкууланууда. Британиянын каржы министри Гордон Браун жыйындын кечээги иш күнүнүн соңунда карыздарды жеңилдетүү чечилбеген маселе бойдон калып жатканын моюнга алып, кабарчыларга мындай деди:

- Карыздарды жеңилдетүүнүн кийинки этабын каржылоо үчүн биз кошумча булактарды табыш керектигибиз жалпысынан макулдашылды. Карыз жөн гана алмашуунун бир формасында болбостон, башка бир жаңы механизм аркылуу каржыланыш керек.

Ал эми Дүйнөлүк банктын президенти Жеймс Вульфенсондун билдиргенине караганда, ал кандай механизм болору азырынча белгисиз.

АКШнын Ирактын тышкы карыздарынын 95%га чейинкисин кечүү планына эң катуу каршылык көргөзгөн өлкө Франция болууда. Франциянын пикиринде, мунай кору жагынан дүйнөдө экинчи орунда турган Ирак Африканын өлкөлөрү менен теңдештирилбеши керек. Британ каржы министри Гордон Браун Ирактын карыздарын кечүү боюнча жакынкы убактарда мунаса табыларына ишеним билдирди.

XS
SM
MD
LG