Ариэль Шарондун билдиргенине караганда, Израилдин аймагын ракета менен атуу токтомоюнча жөөт армиясынын Газа секторундагы чабуулу улантылат. Танктар жана башка брондуу техника коштогон Израил аскерлери чегарадагы шаарчаларды палестин согушкерлеринин ракетасынан коргоо үчүн Газа секторунун түндүгүнөн 9 чарчы чакырым чек ара тилкесин ээлеп алды.
Израил чабуулду ушул шаршемби күнү палестин тараптар атылган ракеталардан улам чегарадагы шаарчалардын биринен эки жаш бала каза тапкан соң баштаган. Андан бери Газа секторундагы кагылыштардан кеминде 50дөн ашуун киши мерт болду. Бүгүн эле Израилдин аскерлери бомба коюуга аракеттенген палестиналык үч согушкерди атып салышты.