Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Атбашы районунда буудай быша электигине карабай чабылып жатат


НАРЫН. Атбашы районунун Башкайынды айыл өкмөтүнүн башчысы Кубан Кадыровдун "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, аталган айылда 1 миң 95 гектар айдоо жердин 335 гектарына быйыл буудай себилген. Учурда буудайлар быша электигине карабай малдын тебелөө коркунучуна байланыштуу чабылууда. Андан сырткары аба ырайы өзгөрүп, эгиндин кар алдында калышы мүмкүн. Чабык ишине жалпысынан 35 тонна күйүүчү май керек болсо, анын10 тоннасын 12 сомдон "Дордой" ассоциациясы элге саткан. Калган 15 тоннасын айыл жашоочулары учурда 18 сом 50 тыйындан сатып алып жатышат, дейт Кубан Кадыров.

XS
SM
MD
LG