Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин «Борбордук азияда ден соолукту жана спортту үгүттөө» программасы Баткен облусунда да иш жүргүзүүдө


БАТКЕН. Учурда аталган программанын алкагында Баткендин Тажикстанга чектеш Самаркандек айылындагы Мурат Салихов атындагы орто мектепте бир жумалык көчмө жыйын өтүп жатат. Иш чарага 100 мектеп окуучусу тартылып, алардын бардыгы спорттук бут кийимдер менен камсыздалды. Мындан сырткары мектептин спорт аянтчасын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, спорттук эмеректер, буюм-тайымдар менен толукталды. Бул иш чарага катышкан окуучулар бир жума бою жашоонун сергек мүнөзү, улуттар аралык келишпестиктердин, чыр-чатактардын алдын алуу жана толерантуулук боюнча окуулардан өтүшүп, бош убактыларында спорттук оюндар менен алектенишет. Борбордук Азияда ден-соолук жана спортту үгүттөө программасы Баткен облусунда өткөн жылдын ноябрь айынан тарта иш жүргүзө баштаган. Буга дейре Баткендин Тажикстан менен Өзбекстанга чектеш жети айылындагы мектептерде мындай көчмө жыйындар өткөрүлгөн. Бул тууралуу маалымат аталган программанын Баткен району боюнча координатору Тимур Төрөкуловдон 4-октябрда алынды.

XS
SM
MD
LG