Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

4-октябрда Аксы районунда көз карандысыз байкоочулар даярдалууда


ЖАЛАЛАБАД. "Демократия жана атуулдук коом үчүн" коалициясынын облустагы бөлүмү уюштурган окуу семинарга Аксы районундагы бей өкмөт жана жарандык коомдун элүүдөн ашык өкүлү катышууда. Аларга шайлоо кодексинин жаңылыктары менен өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлүп, 10-октябрдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону байкоонун ыкмалары, көзөмөлдөөчүлөр менен шайлоо комиссияларынын жана депутаттыкка талапкер менен аларды ишенимдүү адамдардын милдет, укуктары үйрөтүлдү. Мындай окуулар 2-3-октябрда облустан ыраак турган Алабука жана Чаткал райондорунда болуп, буга чейин облустун жети шаар, районунда уюштурулган. Айылдык жана шаардык Кеңештердин депутаттарын шайлоого коалициянын облустагы бөлүмү 380 байкоочуну даярдамакчы. Алар областын 190 шайлоо округундагы шайлоонун өтүүсүнө көзөмөл салышат.

XS
SM
MD
LG