БИШКЕК. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы товар жүгүртүүнүн өлчөмү 100,6% өстү. Бул тууралуу бүгүн Акипресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Беларусь мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Александр Козырь билдирди. Анын айтымында, 2003-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү мурдагы жылга салыштырмалуу 48% өскөн. Эки өлкө ортосунда жүгүртүлгөн негизги товарлар катары тамеки, пахта, автоунаалар жана аларга жабдуулар, дөңгөлөк, дары-дармек, косметикалык каражаттар саналат. Кыргызстандын статкомитетинин маалыматы боюнча 2003-жылдын жыйынтыгында КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Беларусь Кыргызстанга берген товарынын өлчөмү боюнча бешинчи орунга чыккан.