Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Үйсүз калган чүйлүктөр расмий бийликке жана эл аралык уюмдарга кайрылышты


БИШКЕК. Бүгүн Чүй районундагы Чүй айылынын тургундары президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнө, Эл аралык уюмдарга жана маалымат каражаттарына кайрылуу жолдошту. Кайрылууда белгиленгенге караганда, жер алдынан чыккан суудан турак үйлөрү керектен чыгып калган 48 үй-бүлө 1,5 жылдан бери өкмөт убада кылган ссуданы ала албай убара тартып келатышат.
Күтүүсүз кырдаалдар жана экология министрлигинин кызматкерлери кезинде керектен чыккан турак үйлөрдө мындан ары жашабай тургандыгын кепилдеген тилкаттарды жабырлануучулардан күчтөп жаздырып алышкан. Бирок, иш жүзүндө акчасы жок тургундар адам өмүрүнө коркунуч келтирген үйлөрдө дале жашап, ар кыл оорулардан жабыркап жатышат. Катта белгиленгенге караганда, биринчи вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев Эл Өкүлдөр жыйынынын акыркы сессиясында жер алдынан чыккан суудан жабыркаган Чүй-Токмок шаарындагы 66 турак үй үчүн 6млн.424миң сом ссуда бөлүнгөнүн айткан. Муну алдоо катары кабылдаган арыздануучулар эгер бул маселе чечилбесе аргасыз чараларга барууга мажбур экенин белгилешкен.

XS
SM
MD
LG