Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Элдик-патриоттук кыймыл БШК төрагасынын кызматтан кетишин каалайт


БИШКЕК. Бүгүн укук коргоочу Турсунбек Акун жетектеген республикалык элдик-патриоттук кыймыл Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин ээлеген кызматынан өз эрки менен кетишин талап кылган кайрылуу таратты. «Сулайман Иманбаев жана анын командасы иштеп турганда Кыргызстанда таза шайлоо өтөөрүнө эч ким кепил боло албайт» деп айтылат кайрылууда. «Өткөн парламенттик, президенттик шайлоо өнөктүктөрү, референдумдар мыйзамсыз өттү» деген кыймыл келерки өнөктүктөрдө ушул эле мыйзам бузуулар кайра кайталанарына ишенет. Эгер президент Акаев Иманбаевди кызматынан кетирбесе алдыдагы бардык шайлоону жараксыз деп эсептейбиз деп айтылат кайрылууда. БШК төрагасы Сулайман Иманбаев болсо сын-пикир айтуу ар бир атуулдун укугу экенин белгилеп, шайлоо учурунда мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын белгилди.

XS
SM
MD
LG