Бириккен Улуттар уюму менен жетишилген келишимде мурда Кызыл Кхмер режиминин көзү тирүү анабашыларын соттоо каралган. Келишим алты жыл дегенде ратификацияланды. Эми Бириккен улуттар уюму чет элдик соттор жана прокурорлор да катыша турган трибунал үчүн 50 миллион доллар издей баштамакчы.
Кызыл Кхмерлер Камбоджаны 1975-1979-жылдары башкарып турушкан. Ошол тапта ачарчылыктан, массалык кыргындан, кыйноолордон жана күчкө салып иштетүүдөн 2 миллионго чукул киши набыт кеткен.
Кызыл Кхмерлер Камбоджаны 1975-1979-жылдары башкарып турушкан. Ошол тапта ачарчылыктан, массалык кыргындан, кыйноолордон жана күчкө салып иштетүүдөн 2 миллионго чукул киши набыт кеткен.