Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:46

Мунапыс Өзбекстанды жана Беларусту өлүм жазасын күчүнөн кетирүүгө чакырды


Эл аралык укук коргоочу уюмдун билдирүүсүндө аталган эки өлкөдө атуулдар кыйноо же кодулоо жолу менен алынган көрсөтмөлөрдүн негизинде, акыйкатсыз сот ишинин жыйынтыгында өлүм жазасына тартылып жаткандыгы айтылат.

Мунапыстын Борбор Азия жана Түштүк Кавказ боюнча өкүлү Анна Сундер-Плассмандын айтымында:

- Мурдагы Советтер Союзунун аймагында өлүм жазасын күчүнөн кетирүү багытында абдан күчтүү жылыш болуп жатат. Соңку жылдары көп өлкөлөр бул жазаны жоюп же ага мораторий жарыялашты. Бир гана Беларус менен Өзбекстан айыпкерлерди өлүм жазасына тартууну улантып келатат. Учурда Европаны жана Борбор Азияны өлүм жазасы колдонулбаган аймакка жакын арада айлантууга өтө ыңгайлуу шарт түзүлүп жатат.

Аталган эки өлкөдө өлүм кезегинде турган айыпкерлерге же алардын урук-туугандарына жогорку жаза качан ишке ашырылаары айтылбайт, өлүк көмүлгөн жердин кайда экендиги жашыруун сакталат. Өзбекстан да, Беларус да өлүм жазасы боюнча толук маалымат жарыялабайт. Эки өлкөдө жогорку жаза атуу жолу менен ишке ашырылат.

XS
SM
MD
LG